Биз менен байланышыңыз

«Өнөкөт өпкө оорусу барлар эң биринчи кезекте эмделиши керек»

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 418 | 0

Өнөкөт өпкө оорусу барлар, кант диабети, жүрөк -кан тамыр оорусунан жабыркап келгендер коронавирустук инфекциянын оор түрүн башынан өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавируска каршы вакцина мындай оорусу барлардын дартын козгобойт, козгосо да анчалык коркунуч жаратпайт. Себеби АКШнын Бейтаптарды көзөмөлдөө жана текшерип туруу борбору мындай дарты барлар эмдөөдөн биринчи кезекте өтүшү керектигин белгилеген. Мындай жарандар эгер вакцинага каршы көрсөтмөсү жок болсо, эмделүүдөн баш тартпашы зарыл.

Ал эми унутчаактык (склероз) оорусуна чалдыккандарга эмдөө эч кандай терс таасир тийгизбейт. Бул дарт менен жабыркагандар үчүн атайын клиникалык көрсөтмөлөр иштелип чыккан. Ошол эле учурда вакцина алуу учурунда башка оорусу үчүн дарылануудан баш тартуу талап кылынбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM