Биз менен байланышыңыз

Бишкекте майыптар арасында марафон болуп өттү

Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 519 | 0

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаарында майыптар арасында марафон болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Марафонду Саламаттыкты сактоо жана соцалдык өнүгүү министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты менен биргеликте демөөрчүлөрдүн колдоосу астында «Марафондор дирекциясы» коомдук фонду уюштурган.

Жарышка арабада отурган төрт группадагы аял-эркек майыптар жана аларды түртүп жүргөн коштоочулар катышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM