Эртең өлкөнүн түштүк аймактарында жана Таласта күн ачык болот. Чүй, Нарын, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде күн бүркөлүп турат, кээ бир жерлерде жаан жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12… +14, күндүзү +21… +23;
Ош облусунда түнкүсүн +13… +15, күндүзү +24… +27;
Баткен облусунда +14… +16, күндүзү +24… +27;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +12… +14, күндүзү +23… +26;
Талас облусунда түнкүсүн +7… +11, күндүзү +20…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +5… +8; күндүзү +19… +22
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8… +10, күндүзү +19… +22 градус градус жылуу болот.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-5 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13… +19, күндүзү +22… +24 градус жылуу болот.