Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов токойчуларды майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 672 | 1

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов токой тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Токой кызматкеринин күнү менен куттуктады.

Төрага өз куттуктоосунда токойлор улуттук байлык болуп саналарын, биологиялык түрдүүлүктү жана экологияны сактоодо мааниси зор экенин, андыктан дарактарды көбөйтүү керектигин баса белгилеп өткөн.

«Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Токойлор жалпы улуттук байлык болуп саналат жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо, ошол эле учурда экологияны жакшыртууда маанилүү ролду ойнойт.

Токойлор биздин планетанын дем алуу органы катары кызмат кылары жалпыга маалым. Биз жыл сайын токойлордун аянтын кеңейтип, жаратылыш коруктарында жана калктуу конуштарда отургузулган дарак көчөттөрүнүн түрүн көбөйтүшүбүз керек.

Токой экосистемасын сактоо ар бирибиздин парзыбыз жана маанилүү милдеттердин бири экендигин эстен чыгарбообуз керек. Биз кайталангыс табиятыбызды таза сактап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Жогорудагыларды эске алуу менен токойлордун аянтын кеңейтүү жана токой ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн иштеген жана ага чындап кам көргөн адамдардын эмгегин белгилөө өзгөчө жагымдуу. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, билимиңиздер, иш тажрыйбаңыздар жана кесибиңиздерге берилгендик менен мамиле кылгандыгыңыздар токой ресурстарынын сакталышына жана анын аянтынын көбөйүшүнө оң таасирин тийгизет деп ишенем.

Жалпыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык, ишиңиздерге ийгилик жана майрамдык маанай каалайм!» — деп айтылат куттуктоодо.

Белгилей кетсек, токой кызматкерлеринин күнү 1966-жылы «Сентябрь айынын үчүнчү жекшембисин токой кызматкерлеринин күнү катары белгилөө жөнүндө» СССР Жогорку Советинин Президиумунун указы жарыяланган. 1980-жылы СССР Жогорку Совети кабыл алган «Майрамдар жана маанилүү күндөр жөнүндө» указга ылайык, бул күн СССР аймагында сөзсүз белгилене турган кесиптик майрамдардын катарына кирген.

Ал эми Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Мамлекеттик токой чарба агенттигинин өтүнүчү менен 1993-жылдын 13-августунда Өкмөт «Кыргыз Республикасында токой кызматкеринин күнүн белгилөө жөнүндө» №364 токтомун кабыл алган.

Учурда бул дата Орусия, Украина, Беларусь, Кыргызстан мамлекеттеринде кесиптик майрам катары белгиленип келет.

1 пикир

1 пикир

  1. Майрам

    20.09.2021 09:14

    Биз токойчулар, терен ыраазычылык билдиребиз!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM