Биз менен байланышыңыз

Президент элди коронавиуска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 450 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан калкын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

«Бүгүн Кыргызстанда 69 адамда COVID-19 оорусу катталды. Ооругандардын 100 пайызы вакцина албагандар болуп чыкты. Вакцина алыңыздар», — деп жазды өлкө башчы социалдык тармактагы баракчаларына.

Белгилей кетсек, жалпы иммунитетти пайда кылуу өлкө калкынын 70%ы, тактап айтканда, 4 миллионго чукул жаран эмдөө алышы керектиги айтылган.

COVID-19 боюнча штабдын бүгүн, 19-сентябрга берген маалыматы боюнча учурда эмделгендердин жалпы саны 1 млн 330 миң 259 адам болду. Булардын ичинен 764 миң 437 адам биринчи дозасы, 565 миң 822 адам экинчи дозасы менен эмделген.

Кыргызстанда эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда «Синофарм», «Спутник V», «АстраЗенека» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM