Биз менен байланышыңыз

20-сентябрда «Ала-Тоо» аянтында китеп окуу жарышы өтөт

Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 810 | 0

Эртең, 20-сентябрда Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында китеп окуу жарышы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу «Чоңдорго билим берүү» кыргыз бирикмеси (КАОВ) кабарлады.

Иш-чара саат 16:00дө «Аянт төңкөрүш үчүн эмес, аянт билим алуу үчүн» флешмобу менен башталат.

Катышууну каалаган ар бир окурманга жанына китеп ала келүүсү сунушталат. Ошондой эле көркөм окуу боюнча атайын сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылат.

Өнөктүк билим берүүнү даңазалоо жана китеп окуу маданиятын жайылтуу максатын көздөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM