Биз менен байланышыңыз

ТүркСОЙ: 2022-жыл драматург Токтоболот Абдымомунов жылы деп жарыяланды

Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 1059 | 0

ТүркСОЙ эл аралык уюму 2022-жылды «Кыргыз эл жазуучусу, атактуу драматург Токтоболот Абдымомуновдун жылы» деп жарыялады. Мындай чечим уюмга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин Өзбекстанда өткөн жолугушуусунда кабыл алынды.

Айта кетсек, бул сунушту Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев берген.  Анын негизинде 2022-жылы Токтоболот Абдымомуновдун 100 жылдык юбилейи жалпы ТүркСОЙдун алкагында белгилене турган болду.

Кыргыз эл жазуучусу, атактуу драматург Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Кемин районунун Жаңы-Алыш (азыркы Атаке) айылында туулган. 1938-жылы Бишкек медициналык окуу жайын аяктап, кийинки жылы Кыргыз ССР мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, бирок ден соолугуна байланыштуу 3-курстан окуусун таштоого аргасыз болгон. Ошондон тарта чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен.

Абдымомуновдун чыгармачылыкка кадамы «Кумдуу чап» пьесасын жазуу менен башталган. Өмүрүнүн соңуна дейре 30дан ашуун пьеса жазып, айрымдары өлкө театрларынын репертуарынан ушул кезде да түшпөй келет. Андан тышкары кинодраматург катары да айрым тасмалардын сценарийин жазган.

Ал мамлекеттик кызматтарда да иштеп, Жазуучулар союзунун биринчи катчысы, Театр ишмерлери коомунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин бир чакырылышына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки чакырылышына депутат болгон.

Драматург 1989-жылы каза болгон. Көзү өткөндөн кийин анын атынан адабий сыйлык уюштурулуп, ысымы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына, Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бирине (мурунку Киров көчөсүнө) берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM