Биз менен байланышыңыз

ТүркСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери Өзбекстанда жолугушту

Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 262 | 0

Өзбекстандын Хива шаарында ТүркСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин XXXVIII жыйыны өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТүркСОЙдун өткөн жылдагы аткарылган иштери жана каржылык ишмердиги боюнча маалымат угулуп, кийинки жылга карата иш планы бекитилди. Ошондой эле «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2022» наамын ыйгаруу маселеси жана атактуу маданият, искусство ишмерлеринин юбилейлери каралды.

Биринчи маселе боюнча жалпы чечим менен Түркиянын Бурса шаарына «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» наамы берилди. Айта кетсек, 2019-жылы бул наамды Ош шаары алган болчу.

Мындан тышкары Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандарынын 2022-жылга карата тизмесине Кыргызстандын министри Кайрат Иманалиев эмдиги жылы 100 жылдык мааракеси өтө турган атактуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун ысымын сунуштап, бир добуштан «2022-жыл — Кыргыз драматургу Токтоболот Абдымомунов жылы» деп жарыяланды.

Ошол эле учурда 2022-жылы Азербайжан композитору Фикрет Амировдун 100 жылдык юбилейи, түрк акыны Сулейман Челебинин 600 жылдык мааракеси жалпы ТүркСОЙго мүчө өлкөлөрдүн алкагында белгилене турган болду.

Жыйындын соңунда ТүркСОЙдун убактылуу координациясы Түркияга өтүп, жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM