Биз менен байланышыңыз

15 жашар Хадича Болотбекова изделип жатат

Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 226 | 0

14-сентябрда Ысык-Ата районунун Жайылма айылындагы үйүнөн чыгып кеткен 15 жашар Хадича Болотбекова изделип жатат. Бул тууралуу кыздын атасы «Турмуш» басылмасына билдирген.

Атасынын айтымында, Хадича бир жылдан бери акыл-эсинен жабыркап келет. 14-сентябрь таңкы саат 5:00 чамасында эл уктап жаткан маалда чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Ал бардык кийимдерин сумкасына салып кеткендиктен, учурда кандай кийинип жүргөнү белгисиз. Дайым жоолук салынып жүрөт. Бирок айрым бир көрдүк дегендер жылаңбаш жүргөнүн да айтышкан.

Бул боюнча Ысык-Ата РИИБине да кабар берилип, учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөттөгү кызды бир жерден көрүп-билип калгандар болсо, (0504) 89-46-46 номерине байланышып коюусун жакындары өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM