Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстандын Кубогун «Нефтчи» клубу алды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 532 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын Кубогун быйыл «Нефтчи» клубу алды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.

Турнирге жалпы 18 клуб катышкан. Анын ичинен финалдык бөлүккө Бишкектин «Алга» клубу менен Кочкор-Атанын «Нефтчи» клубу өткөн.

Кубок үчүн болгон мелдештин негизги 90 мүнөтүндө да, кошумча берилген убакытта да атаандаштар бири-биринин дарбазасына гол киргизе албай, эсеп 0:0 боюнча аяктаган. Андан кийин пенальтилер сериясында «Нефтчи» клубу «Алга» клубун 4:2 эсебинде утуп алды.

Оюн Баткен шаарынын борбордук стадионунда өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM