Биз менен байланышыңыз

Борбордо BISHKEK HALF MARATHON-2021 жарышы өтүп жатат

Кыска кабар , Спорт | 19 Сен 2021 | 447 | 0

Бүгүн, 19-сентябрда BISHKEK HALF MARATHON-2021 жарышы өтүп жатат. Ага Орусия, Казакстан, Кытай өңдүү жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн да жөө күлүктөр келген.

Жарыш Арча-Бешик конушундагы «Газпром» спорт комплексинин алдында (Жайыл Батыр көчөсү, 66) саат 08:00дө башталды. Анда 3, 10 жана 21,1 чакырымга чуркоо жана 3, 10 чакырымга жөө басуу боюнча мелдештер каралган.

Жеңүүүчүлөргө акчалай сыйлыктар да берилет. Анүчүн 264 миң сом бөлүнгөн.

BISHKEK HALF MARATHON жарышын Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Жеңил атлетика федерациясы жана Эл аралык марафон дирекциясы уюштурган. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети колдоо көрсөтүүдө.

«Марал» радиосу BISHKEK HALF MARATHON жарышынын медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жарыш тууралуу кененирээк маалыматты runthesilkroad.com сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM