Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 69 адам илдетке чалдыгып, 2 адам каза тапты

Кыска кабар | 19 Сен 2021 | 156 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, 19-сентябрга карата 69 адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бейтаптардын 41и Бишкек шаарынан, 6сы Чүй облусунан, үчөө Талас облусунан, төртөө Нарын облусунан, 11и Ысык-Көл облусунан, төртөө Жалал-Абад облусунан катталган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 78 бейтап оорудан сакайып чыкты.

Өлкө боюнча 2 адам каза тапты. Маалым болгондой, экөө тең коронавируска каршы эмдөө алган эмес.

Учурда COVID-19га чалдыккан 594 бейтап стационарларда, 881 бейтап үйдө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 177 миң 722 адам коронавируска чалдыккан. Алардын 172 миң 189у илдеттен сакайып чыгып, 2 миң 588и көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM