Биз менен байланышыңыз

УКМК: Электр тогун уурдаган майнинг-фермалар аныкталды

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 334 | 0

Электр тогун мыйзамсыз, «ууру жол» менен жаккан майнинг-фермалардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Энергетика тармагындагы коррупция менен күрөшүү иштеринин алкагында Кыргызстандын жараны М.Д.Ю.нун майнинг-фермалары «Электр тармактары» ишканасынын түйүнүнө мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын уурдоо жолу менен криптовалюта алып келгени аныкталган.

Иликтөөнүн жүрүшүңдө мындай жол менен акча тапкан 500дөн ашуун майнинг-ферма бар экени маалым болгон.

Учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган бул кылмыш иштердин кесепетинен мамлекет канча зыян тартканы иликтенип жатат.

Белгилей кетсек, майнинг-фермалардын иштеши өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгына алып келет. Тагыраагы, 1 жабдуусу 1500-3000 кВт саат энергия сарптайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM