Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев 65 жашта. Президент кезиндеги таасирдүү сүрөттөр

Блог | 17 Сен 2021 | 2902 | 0

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда 65 жашка толду.

Алмазбек Атамбаевди партиялаштары, санаалаштары туулган күнү менен социалдык тармактарда куттуктап жатат. Саясатчынын 65 жаш юбилейине карата бүгүн Кой-Таштагы резиденциясында тынчтык митинги өтүп, концерттик программа тартууланат. Ага Атамбаевдин жакындары, санаалаштары, партиялаштары чакырылган.

Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын 4-ажосу болуп саналат. Ал 2011-жылы президенттик шайлоодо жеңип чыгып, өлкөнү 2017-жылдын 24-ноябрына чейин башкарган.

Төмөндө экс-президенттин саясаттагы жана саясаттан тышкары урунттуу учурларынан фото-баян:

УКМКнын тергөө абагына куттуктап келген тарапташтары (2020-жыл)

Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин. Кой-Таштагы резиденциясы.

Оппозицияда «эриш-аркак» болуп жүргөн саясатчылар Атамбаев, Текебаев жана Роза Отунбаева.

Атамбаев саясатчы Өмүрбек Бабанов менен.

Энелер күнүндөгү куттуктоо учуру.

Атамбаев Орусиянын президенти Путин менен.

Атамбаев Түркия президенти менен.

Атамбаев өзү чоңойгон үйүн зыярат кылган учур.

Футболисттер менен селфи.

Кыргызстандын жана Казакстандын экс-президенттери.

Атамбаев жана жубайы Лувр музейинде (Франция).

Атамбаевдин үй-бүлөсү жана Германия канцлери Меркель (Ала-Арча, Кыргызстан).

Атамбаев жана Мирзиёев жубайлары менен (Самарканд).

Баткен. Төрт-Күл суу сактагычынын жээги.

Дубайдагы эң бийик имараттардын биринде.

Атамбаев жана жубайы.

Атамбаев жана орус саясатчысы Дмитрий Медьведев (Ала-Арча, Кыргызстан)

I Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы.

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков менен.

«Бриллиант кол» комедиясы тартылган жай (Баку, Азербайжан).

Атамбаев Түркиянын экс-президенти Абдуллах Гүл менен мечитте. (Түркия)

Атамбаев жана Путин

Кыргыз эл Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев менен

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM