Биз менен байланышыңыз

Дени сак болууну кааласаң, эртең менен сөзсүз тамактан

Блог | 17 Сен 2021 | 4046 | 0

Баарыбыз билгендей, күнүнө үч маал тамактануу ден соолугубуз үчүн абдан пайдалуу. Үч маал тамактануунун ичинен эң маанилүүсү — эртең мененки тамак. Жакшы нанүштө бизге күнү бою күч берет.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, иштеген аялдардын 30%ы эртең мененки тамакты жумушка келгенден кийин гана жешет.

Ал эми 7% ы гана үйдөн тамактануу, ал тургай көнүгүү жасоо үчүн эрте турушат. Аялдардын 50%ы ойгонгондон кийин дароо жумушка кетишет жана үйдө нанүштө кылуу адаты жок.

Нанүштө — күндүн эң биринчи тамагы. Айрымдар аны «алтын тамак» деп аташат, анткени эртең мененки тамак сизге Күндүн энергиясын берет. Бирок көпчүлүк дайыма эртең менен шашат, убакытты үнөмдөө үчүн нанүштөдөн баш тартат.

Sohu деп аталган кытай интернет компаниясы окурмандарга эртең мененки тамактан дайыма баш тартса, организм кандай болорун айтып берген.

Эртең мененки тамактан баш тартуунун кесепеттери

Кытайда «эртең менен жакшы тамактан, түштө көп тамактан, кечинде аз же» деп айтылат. Түнкү уйкудан кийин адамда энергия жокко эсе болот, анткени бул убакта кандагы глюкозанын деңгээли өтө төмөндөйт.

Андыктан күч-кубаттуу болуу үчүн эртең мененки тамакты жеш керек, антпесе кандагы глюкозанын жоктугу мээнин начар иштешине алып келиши мүмкүн.

Нанүштө кылбаган адам чарчап, ойлорун топтой албай, айрым кыймылдарга реакциясы жай болушу ыктымал.

Эртең мененки тамактан баш тартуунун көп кесепеттери бар. Көп убакыт бою нанүштө кылбоо теринин кургап кетишине, бырыштардын пайда болушуна жана аз кандуулукка алып келет.

Эртең мененки тамактан баш тартуу салмак кошууга да жеткирет. Эгер ашказаныңыз көп убакыт бош болсо, организм көпкө чейин ачка калат, бул өткө таш пайда кылышы ыктамал.

Мындан тышкары сиз чарчаган, кыжырданган, ачууланган абалда болуп, айланаңызда болуп жаткан нерселерге реакция кылууңуз жайлайт.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, пайдалуу нанүштө организмди жетиштүү азыктар менен гана камсыздабастан, маанайды да жакшырта алат. Физикалык жана психикалык стрессти азайтат.

Эртең мененки туура тамактануу эс тутумуңузду жана окуу жөндөмүңүздү жакшыртат. Эртең мененки тамакты жегендердин кант диабетине чалдыгуу ыктымалы азыраак болот.

Эртең мененки тамак пайдалуу болушу керек: — сапаттуу протеинге, С витаминине, углеводдорго бай азыктар болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM