Биз менен байланышыңыз

Мамкурулуш: Өлкө боюнча 59 көп кабаттуу имарат мыйзамсыз салынган

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 412 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Мамлекеттик курулуш агенттигинин архитектура-курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы өлкө боюнча 59 көп кабаттуу имараттын мыйзамсыз салынып жатканын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айтылган мыйзамсыз курулуштардын баары көп кабаттуу турак жай болуп саналат. Атап айтканда, Бишкек шаарында — 37 имарат, Ош шаарында — 18 имарат, Чүй облусунда 4 имарат мыйзамсыз деп табылган.

Тиешелүү уруксат кагазы жок курулуш иштерин жүргүзгөн тараптарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсү үчүн атайын органдарга документтер жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, курулуш иштери шаар куруу-архитектуралык документтердин, атайын берилген уруксат чечимдин негизинде жүргүзүлөт.

Айтылган мыйзамсыз курулуштардын толук тизмеси менен gosstroy.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Тизмеден белгилүү болгондой, мыйзамсыз иш жүргүзгөндөрдүн катарында «Элит Хаус», «Эконом Хаус», «Мега Строй», «Имарат Прогресс», «Альянс Курулуш», «Эмаком» сыяктуу белгилүү курулуш компаниялары да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM