Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Аялды карактап кеткен 21 жаштагы жигит кармалды

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 152 | 0

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип, 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

14-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук бөлүмүнө Ак-Босого конушунун тургуну арыз менен кайрылган. Белгилүү болгондой, ушул эле күнү болжол менен кечки 19:00 чамасында белгисиз бирөө арыз жазган аялдын үйүнө кирип, электрошокер менен коркутуп, оозун, колун скотч менен таңып, 12 миң сомун алып качып кеткен.

Аталган факт Кылмыштардын жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, издөө башталган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында айтылган кылмышты жасоого шектелип, 2000-жылы туулган О.А. аттуу жигит кармалды. Шектүү Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда аталган жарандын башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени иликтенип, тергелип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM