Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кармалды

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 1059 | 0

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Учурда Жоомарт Оторбаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

УКМКдан билдиришкендей, Оторбаев премьер-министр болуп турганда Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин «Кумтөр» кенинин башкы планы боюнча экспертиза жүргүзө турган комиссиясына кысым көрсөтүп, чет элдик компаниянын кызыкчылыгы үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген.

48 саат ичинде Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт.

Copyright © 2017 Maral FM