Биз менен байланышыңыз

Токмок шаарында мектеп-лицей ачылып, социалдык шаарча салынды

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 422 | 0

Чүй облусунун Токмок шаарында «Ас-Сафа» Кувейт кайрымдуулук фонду салган төрт имараттын ачылышы болду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Атап айтканда, кайрымдуулук фонд Токмок шаарына жакыр үй-бүлөлөр жана көп балалуу жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча, №2 оорукананын аймагына майып эркектер үчүн жатакана, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 300 орундуу «Аманат-Токмок» мектеп-лицейин жатаканасы менен салып берген.

Ачылышка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыш Бакашова, «Ас-Сафа» фондунун төрагасы Мухаммед Абдулрахман Алшая жана башкалар катышты.

Жылдыз Бакашова өз сөзүндө «Ас-Сафа» коомдук фондуна ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мекендештерди жаңы конушу менен куттуктады.

Маалымат катары айта кетсек, социалдык шаарчанын жалпы аянты 31 миң чарчы метрди түзүп, анда бардык шарты бар, заманбап стилдеги 104 үй салынган. Социалдык имараттардан 25 жумуш орундуу тигүү цехи, фельдшердик-акушердик пункт, азык-түлүк дүкөнү, балдар аянтчасы, футболдук талаа, мечит бар.

Ал эми Токмоктогу №2 психоневрологиялык оорукананын аймагына курулган майыптар жатаканасы 75 орунга эсептелип, имаратта дарыгерлердин, кызматкерлердин бөлмөлөрү, ашкана, санитардык түйүндөр кошо салынган.

«Аманат-Токмок» эки кабаттуу мектеп-лицейинде негизги мектеп бөлмөлөрүнөн тышкары эки жатакана, ашкана, устакана, наабайкана кошо түшкөн. Учурда 11 класс ачылып, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM