Биз менен байланышыңыз

18-сентябрда Министрлер кабинети ишембиликке катышат

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 218 | 0

Министрлер кабинети 18-сентябрь — Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата «Эко деми» коомдук фонду уюштурган ишембиликке катышат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айтылган күнү Министрлер кабинетинин администрациясы, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын кызматкерлери аймактарды тазалоого чыгат. Ошондой эле жалпы элди ишембиликке жигердүү катышып берүүгө чакырык жасалды.

Дүйнөлүк тазалык күнү Кыргызстанда төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын максаты экологиялык абалга, коомдук жайлардагы тазалыкты сактоого, жаратылыш ресурстарын аң-сезимдүү пайдаланууга, үнөмдөөчү технологияларды пайдаланууга жана таштандыны туура иштетүүгө көңүл бурдуруу болуп саналат.

Бул жылы өтө турган ишембиликте «Эко деми» коомдук фонду шаарлардагы, район-айылдардагы булганыч аймактардын виртуалдык картасын иштеп чыкты. Айта кетсек, Бишкек шаарында 100 түйүн аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM