Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинети кышка даярдыкты талкуулады

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 426 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кышкы жылуулукка кам көрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери кышка көрүлгөн даярдыктар туурасында маалымат беришти.

Марипов кышка эртерээк даярдык көрүүнү, суук түшкөнгө чейин бардык көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылып, милдеттер убагында аткарылбаса, мыйзам чегинде жазаланарын эскертти.

«Билим берүү, медицина, маданият жана башка социалдык мекемелердин жылытуу тутумдарын оңдоону каржылоо маселесине өзгөчө басым жасоо керек. Министрлер кабинетинин маанилүү милдеттеринин бири — калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо. Бүгүнкү күнү республика боюнча 600гө жакын көмүр сатуу пункттары иштөөдө. Каалаган адам жеткиликтүү баада көмүр сатып алуусу үчүн мындай кошумча пункттарды ачуу маселесин иштеп чыгуу зарыл. Көмүрдү өз убагында камдап алуу электр тармагына карата жүктөмдү төмөндөтүүгө жана орнотулган лимиттерди карманууга мүмкүндүк берет», — деди Улукбек Марипов.

Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы бир катар тапшырмаларды берди: электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү; Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушу үчүн тиешелүү аракеттерди көрүү; Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү; энергетикалык объектилердеги капиталдык оңдоолорду жыйынтыктоо; электр энергиясын импорттоону өз учурунда каржылоо чараларын иштеп чыгуу; Ош шаарындагы жылытуу станциясына өз учурунда мазут жеткирүү.

Мындан тышкары Бишкек ЖЭБин, коомдук-мамлекеттик мекемелерди, жалпы калкты көмүр менен жеткиликтүү камсыздоо, элге электр энергиясын үнөмдөп колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM