Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун саммитине катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Улут сарайына» келди.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун учурашуусунан соң, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары биргеликте сүрөткө түштү.
Андан соң уюмга катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлери күн тартибин тар чөйрөдө талкулоо үчүн жыйындар залына киришти.