Биз менен байланышыңыз

Баткен: Тажикстанга «Ягуар» ташып бараткан жаран кармалды

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 219 | 0

Бүгүн, 16-сентябрда Баткен районунан Тажикстанга аткез товар алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматкерлери Кожом-Булак аймагынан 1985-жылы туулган жаран айдап бараткан Hyundai-Porter унаасын токтоткон. Текшерүү учурунда унаадан эч кандай уруксат кагазы жок 2 миң банка «Ягуар» энергетикалык суусундугу табылган.

Ушул эле күнү аталган райондун Мазар аймагынан күйүүчү-майлоочу май ташып бараткан дагы бир Кыргызстандын жараны кармалды. Анын унаасын текшерүү учурунда май куйган челектер табылган. Андагы майдын жалпы көлөмү 240 литр деп эсептелди.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жарандар жүгү менен кошо атайын органдарга өткөрүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM