Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионатына эркин күрөштөн 7 балбан барат

Кыска кабар , Спорт | 15 Сен 2021 | 939 | 0

Норвегиянын борбору Осло шаарында  өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эркин күрөш боюнча 7 балбан барат.

Мелдеш 2-10-октябрда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча өтөт.

Эркин күрөш боюнча таймаштарга Алмаз Сманбеков (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Алибек Осмонов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Эламан Догдурбек уулу (74 кг), Саякбай Усупов (79 кг) жана Арсалан Будажапов (86 кг) катышат.

Белгилей кетсек, мурда кабарлангандай Дүйнө биринчилигине кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) барат.

Ал эми грек-рим күрөшүнөн мелдешке Нурмухаммет Абдуллаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Калы Сулайманов (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Азат Салидинов (87 кг), Бексултан Махмудов (97 кг), Роман Ким (130 кг) катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM