Биз менен байланышыңыз

Сарыбаев: Тергөөчү уулума «Курсан Асановго каршы көрсөтмө берсең кое беребиз» деген

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 6731 | 0

«Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Эртең сотто анын баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу «Маралга» анын атасы Айылчы Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, ИИМдин Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери уулун 12 саат кармап, сурак кылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен.

«Тергөөчү: «эгер Курсан Асановго каршы көрсөтмө берсең кое беребиз, көрсөтмө бербесең сени «караларга» салып берип, эзебиз», — дептир. Тергөөчүнүн фамилиясын билбей жатам. Бул буйрутманы ким бергенин, Ташиевби же ИИМдин министриби, билбей жатам», — деди ал.

Айылчы Сарыбаев уулунда эч кандай күнөө жок экенин жана курал-жарак камдап бийликти басып алуу тууралуу айтпаганын, ага аракет кылбаганын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев менен болгон сүйлөшүүсү делген аудиожазуу тараган. Анда көтөрүлүш тууралуу сөздөр болуп, бир нече саясатчынын аты аталган.

Ага байланыштуу 14-сентябрда Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон.

Андан кийин бул иш боюнча депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгуналы Абдраимов суракка чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM