Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев ИИМге суракка чакырылды

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 609 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын жардамчысы Тилек Нурбеков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, Акаев ИИМге бүгүн саат 17:30га чакырылган.

«Депутат Жанар Акаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына бүгүн саат 17:30га суракка чакырылды. Депутат айтылган убакытка барат», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев менен болгон сүйлөшүүсү делген аудиожазуу тараган. Анда көтөрүлүш тууралуу сөздөр болуп, депутат Жанар Акаевдин да аты аталган.

Ага байланыштуу 14-сентябрда Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон.

Курсан Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова ал аудиоожазуу жасалма экенин билдирген.

Ошондой эле Жанар Акаев да ал боюнча өз түшүндүрмөсүн берип, андагы айтылгандар калп экенин маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM