Биз менен байланышыңыз

Жаңы окуу жылы жана окуучулардын сүйүнүчү

Билим-маданият | 15 Сен 2021 | 3328 | 0

15-сентябрда өлкөдө жаңы окуу жылы башталды. Окуучулар онлайн эмес, мектепке келип окуганы үчүн сүйүнүп турушат.

— Мен 7-класста окуйм. Мектепке келгениме сүйүнүп жатам. Мага онлайн окуган жаккан жок. Анткени кечке үйдө отурасың, сабактардын ортосундагы танапис билинбей эле өтүп кетет. Анан отура берип, жамбашың ооруп кетет экен (күлүп).. Азыр болсо сыртка чыгабыз, ары-бери чуркайбыз. 

— Аралыктан окуганда телефонго улам сайын бирдик салууга мажбур болдук, кээде интернетиң иштебей калат, катып калат…

— Онлайнда сабакты түшүнбөйсүң, мектепте баарын түшүндүрүп беришет да. 

2020-жылы башталган коронавирус пандемиясы баарын үйдө отурууга мажбурлап, окуучулар, студенттер онлайн билим алууга, мугалимдер аралыктан иштөөгө аргасыз болду. Аралыктан окуунун көп артыкчылыктуу жактары болгон менен кыргызстандык ата-энелердин баарында эле ага шарт жок. Кала берсе, интернет жетпеген айылдар да бар.

Бишкектеги мектептердин биринде эки баласы окуган Жылдыз Жунусова мугалимдердин баркы билингенин айтат.

— Балдарга сабак окутуп жатканда бир нерсени эки-үч жолу түшүндүрүүгө нервибиз жетпей кетет. Бир айтасың, эки айтасың, түшүнбөсө үнүңдү жогорулатып сүйлөөгө туура келет. Бул баланы стресске алып келет. Ал эми педагог — баары бир педагог да. Мектепке келип эле окушканы абдан жакшы. Ата-энелер кадимкидей мугалимдердин баркын түшүндүк. 

Панемиядан кийин өлкөдөгү мектептерде билим берүү кызматкерлеринин 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алган. Ата-энелер бала үйдө өзүн жаман сезсе, мектепке же окуу жайга жибербеши керек. Дароо дарыгерге алып баруусу зарыл.

Бишкектеги орто мектептердин баарында медициналык пункттар ачылды. Окуучулар менен мугалимдер күн сайын текшерилип турушат.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын карамагында 97 орто мектеп бар. Бул мектептерде 170 миңге жакын окуучу окуп жатат жана 7 миңден ашуун мугалим иштейт.

Борбордогу №4 гуманитардык-укуктук багыттагы гимназиянын мугалими Гүлбарчын Чоңкоеванын маанайынан да кубаныч байкалып турду.

— Бүгүнкү күн өзгөчө кубанычтуу болуп жатат. 1-сентябрь күнү балдардын жок болгону, эч кандай мааракенин болбогону бизге кызыктай сезимдерди берген. Бүгүн болсо окуучулардын баары жакшынакай кийинип, башталгыч класстар гүл көтөрүп, ата-энелери менен келишти. Бир жарым жылдан бери аралыктан окутууга көнө түшкөн экенбиз, балдар мектепке шаң тартуулады. 

15-сентябрь билим күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектебинин жаңы корпусунун ачылышына катышты. Ал окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуу процесси ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.

— Окуучуларды жана мугалимдерди кайрадан мектептен көрүү — абдан кубанычтуу. Биз бул күндү көпкө күттүк. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу балдарыбыз онлайн режимде билим алды. Жалпы күч-аракетке, анын ичинде калкты вакцинациялоо кампаниясына жараша бүгүн окуучулар үчүн мектептердин эшиги ачылды жана балдар салттуу форматта билим алууга мүмкүндүк алды. Ушул күнү жаңы окуу имаратын ачып жатканыбыз кубанычтуу. Мындан ары мектепте билим берүү сапаты жакшырат деп ишенебиз.

Кыргызстандын бир канча аймагында билим күнүнө карата мектептер ачылды. Өлкөдө жалпысынан 2200дөй мектеп бар, анда бир миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Copyright © 2017 Maral FM