Биз менен байланышыңыз

Жаңы iPhone 13 Pro, iPad mini жана Apple Watch 7 (баасы, өзгөчөлүктөрү)

Блог | 15 Сен 2021 | 927 | 0

Кечээ, 14-сентябрда Apple компаниясы жаңы өнүмдөрүнүн салтка айланган күзгү презентациясын жасады. Бул жолкусунда иш-чара күздүн биринчи айынын үчүнчү жумасында так белгиленген убагында болуп өттү. Компания бул ирет смартфондордун, iPad планшетинин жана Apple Watch саатынын жаны версияларын колдонуучуларга сунуштады.

Быйыл смартфондордон iPhone 13, 13 mini, 13 Pro жана 13 Pro Max презентацияланды. Буга чейин инсайдерлер Apple чакан смартфондордун аз сатылып жатканына нааразы экенин, мындан улам чакан смартфондорду чыгарууну токтотушу мүмкүндүгүн айткан. Бирок компания mini-телефондорду өндүрүүнү дагы бир жылга узартуу чечимин кабыл алган.

Чакан смартфондор бул жолу сенсору бар жаңы камерага ээ болуп, диагонал боюнча жайгаштырылып, жарыкты көбүрөөк кармоого багытталган. Экрандын жарыктыгы 28%га көбөйтүлгөн. iPhone-13 mini смартфонунун баасы 700 доллар деп бекитилди. Ал эми iPhone-13 – 800 доллар.

iPhone-13 – жаңы дисплей

iPhone-13 смартфонунун өзгөчөлүгү экрандын толук жаңылануусу болду. ProMotion дисплейи алгач iPad Pro үчүн колдонулган. Бул жаңы технология сүрөттү 120 герц жогорку жыштыгында көрсөтүп, экрандагы анимациянын кыймылын дагы да ийкемдүү кылат. Мындай апгрейд Pro-смартфондор үчүн атайын иштелип чыккан.

Жаңы смартфондордун камералары жайгашкан монокөзөнөгү 20%га кичирейтилген. Мындай мүмкүнчүлүк биометрикалык сенсордун кайра компоновкалануусу менен түзүлдү. Аппарат A15 Bionic процессору менен иштеп, анда 6 ядро орнотулган, анын төртөө энергияны үнөмдөйт. Жаңы чип секундасына 15,8 триллион операцияны ишке ашыра алат. Башка атаандаштарына салыштырганда 50% күчтүү.

Apple iPhone-13 Pro жана 13 Pro Max смартфондорунда 3 көздүү камераларды калтырды. Ага макрорежим кошулуп, майда объекттерди чоң план менен тартуу мүмкүнчүлүгү берилди.

iPhone-13 Pro жана 13 Pro Max үчүн тарыхтагы эң кымбат баа

Базалык 13 Pro баасы 999 доллар, 13 Pro Max — 1 099 доллар. Смартфондордун бул линиясы биринчи жолу эстутуму 1 терабайт болуп чыкты. Мындан улам смартфондордун баасы кескин өстү.

iPad mini – 9 жылда алгачкы жолу дизайны өзгөртүлдү

Apple чакан планшеттеги апдейтти тарыхтагы чоң өзгөрүү деп атады. Бул өнүмдүн девайсы дээрлик 2012-жылдан бери өзгөртүлө элек болчу. Жаңы планшет 500 нит максималдуу жарыктыгындагы 8,3-дюймдук экран, 5G жана Apple A13 Bionic чипке ээ. Камерасы 12 мегапиксел, кубаттоо үчүн USB-C порту. Мини планшеттин баасы — 499 доллар.

Apple Watch – чоңойтулган экран

2015-жылдан бери алгачкы жолу акылдуу сааттын экраны чоңойтулду. Apple Watch 3 менен салыштырганда жаңы аксессуардын дисплейи 50%га кеңейтилген. Муну менен экранга көбүрөөк контент батат. Компаниянын маалыматында акылдуу сааттын айнегине чаңдан, корпусту нымдан коргоо үчүн жаңы өзгөчөлүктөр кошулган.

Apple Watch 7  баасы 399 доллардан башталат. Бир гана Wi-Fi менен иштей турган жана мобилдик интернет менен да иштей ала турган өнүмдөрү колдонуучулар үчүн сунушталат.

Жаңы функцияларда дене табын өлчөөчү трекер бар. Ал эми Apple Watch SE акылдуу сааты бул жылы жаңыланган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM