Биз менен байланышыңыз

Коррупцияга каршы окутуулар башталды

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 186 | 0

15-сентябрда Борбор Азиядагы Коррупцияны жана акчаны адалдоону изилдөө институту «Антикоррупция боюнча академиялык сертификатталган программасына» тандоо сынагынан өткөн 30 катышуучу үчүн атайын тренинг баштайт. Программа эксперттик деңгээлди калыптандырууга, коррупцияга каршы идеяларды жайылтууга салым кошот.

Сертификаттоо программасы Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылоосунда ишке ашууда.

Сынактан өткөн 30 катышуучунун ичинен жарандык сектордун 11 өкүлү, 6 мамлекеттик кызматкер, бизнес секторунан 7 катышуучу, 2 ЖОЖдун профессору, 2 медициналык кызматкер, 1 Ички иштер министрлигинин өкүлү жана 1 көз карандысыз журналист бар.

Кыргызстан бир топ убакыттан бери коррупциянын деңгээли жогору болгон өлкөлөрдүн тобунда. Transparency International уюмунун маалыматы боюнча, өлкө коррупциянын индексинде 180 мамлекеттин ичинен 124-орунда турат.

Окутуунун алкагында студенттер изилдөө жүргүзүү, коррупцияга каршы башкаруу моделин ар түрдүү тармактарга киргизүү, калкка билим, маалымат берүү, коррупцияга каршы мыйзамдарды жакшыртуу үстүндө иштешет.

Бул программанын алкагында ар бир катышуучу өзүнүн илимий долбоорун түзөт жана алган теориялык билимин практикалык кадамдар менен аларды андан ары ишке ашыруу үчүн айкалыштырган жеке иш планын даярдайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM