«Марал» радиосу Инстаграм, Фейсбук социалдык тармактарындагы расмий баракчасында жана Телеграм каналында «Азыркы депутаттардын кимисин кайра парламентке келишин каалайсыз?» — деген суроонун алкаында сурамжылоо өткөргөн. Анда комментарий аркылуу пикир калтыргандардын добушу эсептелди. Баары биригип 1000ден ашык комментарий келип түштү.
Пикирлерди эсептөөдө 6-чакырылышта депутат болгон жана учурда да депутаттык мандаты бар саясатчылар эске алынды. Сурамжылоонун эрежеси боюнча бир адам бир комментарийде бир канча депутаттын ысымын атай алат же ар бирине өзүнчө комментарий менен пикир калтырса болот. Добуштар кол менен саналды. Төмөндө чакан сурамжылоонун жыйынтыгы менен таанышып алыңыздар:
Сурамжылоодо 390 адам «Эч кимисин кайра шайлабайм» деген комментарий калтырган (Фейсбук, Инстаграм, Телеграм баарын кошкондо). Ал эми калган добуштарды аты-жөнү эң көп аталганы боюнча тизмектедик:
Эскертүү: добуштар пост жарыяланган учурдан тарта 13-сентябрь саат 18:00гө чейинки аралыкта келген комментарийлердин негизинде саналды.
|
Аты-жөнү |
Добуштардын саны |
|
Жанар Акаев |
126 |
|
Абдывахап Нурбаев |
78 |
|
Рыскелди Момбеков |
57 |
|
Дастан Бекешов |
37 |
|
Абдылдаев Мыктыбек |
29 |
|
Шайлообек Атазов |
21 |
|
Марлен Маматалиев |
21 |
|
Мирлан Жээнчороев |
21 |
|
Алтынбек Сулайманов |
20 |
|
Наталья Никитенко |
15 |
|
Өмүрбек Текебаев |
11 |
|
Эльвира Сурабалдиева |
10 |
|
Искендер Матраимов |
9 |
|
Ирина Карамушкина |
8 |
|
Каныбек Иманалиев |
7 |
|
Бейшеналы Нурдинов |
7 |
|
Айбек Осмонов |
7 |
|
Айнура Осмонова |
7 |
|
Айсулуу Мамашова |
5 |
|
Улан Примов |
5 |
|
Улукбек Ормонов |
5 |
|
Аида Касымалиева |
4 |
|
Асылбек Жээнбеков |
3 |
|
Эмил Токтошев |
3 |
|
Бурул Аманова |
3 |
|
Төрөбай Зулпукаров |
3 |
|
Тазабек Икрамов |
3 |
|
Айнура Аскарова |
3 |
|
Мирлан Бакиров |
2 |
|
Талант Мамытов |
2 |
|
Карамат Орозова |
2 |
|
Айнура Алтыбаева |
2 |
|
Канат Исаев |
2 |
|
Абтандил Кулбараков |
2 |
|
Акыл Кемелов |
2 |
|
Махабат Мавлянова |
1 |
|
Мурадыл Мадеминов |
1 |
|
Кенжебек Бокоев |
1 |
|
Садык Шер-Нияз |
1 |
|
Осмон Турдуманбетов |
1 |
|
Аалы Карашев |
1 |
|
Бактыбек Райымкулов |
1 |
|
Бактыбек Турусбеков |
1 |
|
Жыргалбек Турускулов |
1 |
|
Самат Исманов |
1 |
|
Сайдалимжан Жураев |
1 |
Ал эми 6-чакырылышта депутат болбогон, бирок коомчулукка белгилүү саясатчыларды да келерки чакырылышта көргүсү келген окурмандар пикир калтырышкан. Анда саясатчы Адахан Мадумаров – 10 добуш, Улукбек Кочкоров – 7 добуш, блогер – Эрулан Кокулов – 4 добуш, экс-министр Нуржигит Кадырбеков – 4 добуш, Таалайбек Сарыбашов – 4 добуш алган. Мындан сырткары Жылдызкан Жолдошева, Тилек Токтогазиев, Мелис Мырзакматов, Руслан Акматбек, Бактыбек Калмаматовдун ысымдары да аталган.
4 пикир