Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү чакан ишканалар 100 миң долларга чейин колдоо алышат

Кыска кабар | 14 Сен 2021 | 720 | 0

Accelerate Prosperity Чүй жана Бишкектеги чакан жана иши жанданып келаткан ишканаларды бизнес-акселераторго катышууга чакырат.

Ал Европа Биримдиги жана «Ага Хан» фонду каржылаган «Экселейрейт Просперити Азия» (AP Asia) долбоорунун алкагында өтөт.

Бизнес-акселераторго 1 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, жылына 350 миң сомдон кем эмес киреше тапкан жана экиден ашык адам эмгектенген ишканалар катыша алат. Айрыкча кайра иштетүү жана өндүрүшкө артыкчылык берилет.

Программалык окутуу 8 жумага чейин уланып, маркетинг, рынокту талдоо, инвестор менен алака түзүү ж.б. темалар боюнча сабактар өтүлөт. Соңунда катышуучулар инвестициялык комитет менен инвестор боло турган адамдарга бизнес планын тааныштырат. Жеңүүчү деп табылган ишканалар техникалык колдоо жана 100 миң долларга чейин жардам алышат.

Катышууну каалагандар accelerateprosperity.org сайтына кирип, 20-сентябрга чейин онлайн анкета толтурушу зарыл.

Программа тууралуу кошумча маалыматты accelerateprosperity.org сайтынан, Фейсбуктагы Accelerate Prosperity Kyrgyzstan, Инстаграмдагы @ap_kgz баракчаларынан алууга болот.

Accelerate Prosperity – «Ага Хан» фондундагы өнүгүү уюмунун долбоору. Анын алкагында чакан жана өсүп келе жаткан ишканаларга колдоо көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM