Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаш киночулардын «Үмүт» форуму өтөт

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 356 | 0

Бишкекте 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночуларынын «Үмүт» IX форуму өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Кинофорум бул жылы СССРдин эл артисти, маркум кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдык мааракесине арналат. Анда КМШ өлкөлөрүнөн келген жаш режиссёрлор тарткан кыска метраждуу тасмалардын сынагы уюштурулуп, эл аралык фестивалдарда байге алган тасмалардын таанытымы көрсөтүлүп, чыгаан кино ишмерлердин чеберчилик сабактары өтүлөт.

Форумдун алкагында көрсөтүлө турган толук метраждуу тасмалар «Ала-Тоо» кинотеатрында, кыска метраждуу тасмалар Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө коюлат.

«Адам. Тагдыр. Өмүр» ураанынын астында өтө турган бул кинофорумду Кинематография департаменти Гумаритардык кызматташтык фондунун колдоосу менен уюштурган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM