Биз менен байланышыңыз

«Мунабия» тасмасы Лондондо өткөн фестивалда баш байге алды

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 536 | 0

Режиссёр Таалай Кулмендеев тарткан «Мунабия» көркөм тасмасы Лондондогу «Достук үнү: Поэзия жана искусство» фестивалында Гран-при алды. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясы билдирди.

Фестивалга 7 өлкөнүн чыгармачыл өкүлдөрү жеринде, ал эми 4 өлкөнүн өкүлдөрү онлайн форматта катышкан.

Тасма жазуучу Казат Акматовдун «Мунабия» аңгемесинин негизинде тартылган.

«Достук үнү: Поэзия жана искусство» фестивалы Евразия чыгармачылык гильдиясы тарабынан негизделген. Анда чыгармачылыктын көптөгөн түрлөрү боюнча сынактар, атайын жолугушуулар, ар кандай иш-чаралар өтүп турат.

Ал эми кинофестиваль 2019-жылы негизделген. Анын башкы максаты Евразия аймагында кинематографияны өнүктүрүү, Евразия өлкөлөрүнүн кино ишмерлеринин башын бириктирүү, чыгармачылык байланышын чыңдоо болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM