Connect with us

Кыргызстанда вакцина алгандардын саны 1 млн 260 миңге жетти

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 451 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус инфекциясына каршы 1 миң 326 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Анын ичинен 647 адам вакцинанын биринчи дозасын, 679 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 735 миң 621 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 522 миң 438 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. «Синофарм», «Спутник V», «АстраЗенека» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM