Биз менен байланышыңыз

Кытайда СOVID-19дун жаңы очогу аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 895 | 0

Кытайда СOVID-19дун жаңы очогу пайда болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Жаңы очок Кытайдын чыгышындагы Фуцзянь провинциясында катталган. Анда 11-сентябрда 20 жергиликтүү тургундун жана 26 чет элдик жарандын коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталган.

Буга байланыштуу аймакта санитардык-эпидемиялык шарттар кайрадан катаалдашты. Оору эң көп аныкталган Путянь шаарындагы мектептер аралыктан окууга өттү. Коомдук жайлар убактылуу жабылып, ар кандай тармактагы кызматкерлердин көпчүлүгү онлайн иштеп баштады. Аймак бийлиги күч органдарына эрежеге баш ийбегендерге катаал чара көрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин август айынын башында СOVID-19дун «дельта» түрү Кытайдын 7 провициясында катталып, катаал чаралар киргизилген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM