Биз менен байланышыңыз

Баткенде болгон жол кырсыктан эки адам каза тапты

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 327 | 0

Лейлек районундагы Исфана-Кайрагач унаа жолунда болгон кырсыктан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Унаа жолдо Honda Stepwgn менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 1978-жылы туулган бир киши, 1991-жылы жылы туулган бир жигит каза таап, 7 адам: 9 жашар тестиер бала, 6 жашар кыз, 1 жигит жана 4 аял ар кандай жаракат алган.

Жерине барган ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнүн 3 куткаруучусу каза тапкандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген. Жабыркаган жарандарды «Тез жардам» кызматы Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM