Биз менен байланышыңыз

Израиль ХАМАСка жооп катары Газа тилкесине абадан сокку урду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 447 | 0

Израиль армиясы ХАМАС кыймылына жооп катары Газа тилкесине абадан сокку урду. Бул тууралуу Израиль Куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматы Twitter баракчасына жазды.

«Газадагы террорчулар үч түн катары менен Израилге ракеталык чабуул жасап, Израиль менен Газанын тургундарынын өмүрүнө коркунуч жаратты. Биз ХАМАСка жооп катары төрт аскердик машыгуу объектисине, курал-жарак кампасына, террорчулардын жер өткөөлүнө сокку урдук», — деп жазылган билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Израиль Куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматы буга чейин ХАМАС кыймылы Газа тилкесинен ракеталык соккуларды жасап жатканын билдирген болчу.

Эске салсак, Израиль менен ХАМАСтын тиреши 2001-жылы болгон Аль-Акса көтөрүлүшүнөн бери токтобой келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM