Биз менен байланышыңыз

Октябрь айында Азербайжандын ишкерлери Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 12 Сен 2021 | 334 | 0

Азербайжандын борбору Баку шаарына Кыргызстандын соода үйүн ачуу мерчемделип жатат. Бул тууралуу элчи Кайрат Осмоналиев маалымдаганын «Тренд» сайты жазды.

Кечээ, 11-сентябрда Кыргызстандан барган ишкерлер жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын өкүлдөрү Азербайжандагы ишкерлер жана «Алят» эркин экономикалык аймагынын төрагасы Валех Алескеров менен жолугушкан.

Аңгемелешүүнүн жыйынтыгында Азербайжандын бизнес өкүлчүлүгүнүн Кыргызстанга болгон сапарын октябрь айынын башында уюштуруу макулдашылган. Иш сапарда Азербайжан тарап «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышып, тиешелүү жетекчилик менен жолугушуп, Кыргызстандын өнөр жайына инвестиция салуу, текстиль өндүрүмдөрүн экспорттоо жагдайларын сүйлөшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM