Биз менен байланышыңыз

Марипов: «Унаа» ишканасы жарыялаган тендер жокко чыгарылган (видео)

Кыска кабар | 12 Сен 2021 | 422 | 0

«Унаа» мамлекеттик ишканасы жарыялаган транспортту каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоо боюнча тендер жокко чыгарылган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов маалымдады.

«Эл аралык стандарттагы транспорттордун каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоо боюнча тендер 21-июлда «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишканалар же 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактар тендерге катыша алмак. Түшкөн маалыматка ылайык, бланктарды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы 518,5 млн сом сунуштаган «Гознак» ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда, бланктардын наркы дээрлик 2 эсеге жогорулашына алып келмек. 26-августта Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Унаа» мамлекеттик мекемесинин иши текшериле башталган. Андан кийин тендер келишимге кол коюла электе эле жокко чыгарылган жана «Унаа» мамлекеттик мекемесине эл аралык стандарттагы транспорттордун каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарынын баасын жогорулатууга жол бербөө сунушталган», — деди Марипов.

Андан тышкары ал айтылган текшерүүлөрдүн жыйынтыгы эртең, 13-сентябрда чыгарыларын билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-сентябрда Актилек Капаровдун «Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиардык тендер» аттуу «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жана унаалардын техникалык паспортун даярдоо үчүн жарыяланган тендердеги көмүскө иштерди иликтеген видеомакаласы Temirov LIVE Ютуб каналында эфирге чыгып, социалдык тармактарда катуу талкуу жараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM