Биз менен байланышыңыз

20-сентябрда залкар композиторлордун юбилейлик концерти өтөт

Кыска кабар | 12 Сен 2021 | 258 | 0

Быйыл юбилейлери белгилене турган атактуу, залкар композиторлордун чыгармаларынан түзүлгөн концерт өтөт. Бул тууралуу Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев маалымдады.

Анын айтымында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Композиторлор союзу менен биргеликте быйыл кутман куракка толгон композиторлордун юбилейине арнап, чоң программадагы концерт өткөрүү чечимин кабыл алышкан.

Юбилярлардын концерт кечеси 20-сентябрь саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өтөт.

Концертте 80 жашка толгон КР эл артисттери Эсенгул Жумабаевдин, Сардарбек Жумалиевдин, 75 жашка толгон КР эл артисти Жылдыз Малдыбаеванын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Акимжан Жээнбайдын, 70 жашка толгон КР эл артисттери Атайбек Бөдөшевдин, Түгөлбай Казаковдун, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Адылжан Абдуллаевдин, 60 жашка толгон КР эмгек сиңирген артисти Кадыралы Артыковдун, ошондой эле көздөрү өтүп кеткен маркум композиторлор КР эл артисти Михаил Раухвергердин (120 жаш), Борис Глуховдун (80 жаш), Жумашбай Касымбековдун (70 жаш), Тарас Асанакуновдун (60 жаш) чыгармалары аткарылат.

Кечени А. Жумакматов атындагы симфониялык оркестр менен филармониянын камералык хору коштойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM