Биз менен байланышыңыз

Теле алып баруучу Алексей Филатов каза тапты

Кыска кабар | 12 Сен 2021 | 1100 | 0

Теле алып баруучу, шоумен Алексей Филатов каза тапты. Бул тууралуу жакындары кабарлады.

Буга чейинки маалыматтарда ал коронавирус пандемиясына чалдыгып, Жугуштуу оорулар бейтапканасынын жандандыруу (реанимация) бөлүмүндө жатканы айтылган болчу.

Алексей Филатов 1987-жылы Бишкек шаарында туулган. Ал алгач Кыргыз улуттук телерадио берүү корпорациясында (учурда КТРК) «Улуттук хит-парад» музыкалык долбоорун алып барып таанылган. Ошондой эле НБТ телеканалында «5+» көңүл ачуу программасынын алып баруучусу болгон.

Филатов алып баруучулуктан тышкары продюсер, уюштуруучу катары да эмгектенип, өзүнүн бий мектебин, «Жаңы ысымдар» продюсердик борборун негиздеген. Бул ишмердигинин аркасында көптөгөн иш-чараларды, конкурстарды уюштуруп келген. Андан тышкары «Ари-Ури» скетч-шоу программасын бир нече сериясын тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM