Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 175 адам оору жугузуп, 3 адам каза тапты

Кыска кабар | 12 Сен 2021 | 266 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, 12-сентябрга карата өлкө боюнча 175 адамдын коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталган. Алардын 38и Бишкек шаарынан, 13ү Чүй облусунан, бирөө Ош облусунан, төртөө Талас облусунан, бирөө Нарын облусунан, 11и Ысык-Көл облусунан, төртөө Жалал-Абад облусунан,  үчөө Баткен облусунан катталган.

Бир сутка ичинде 102 адам илдеттен айыгып чыгып, 3 адам каза тапкан.

Учурда 655 бейтап стационарларда, 1046 бейтап үйдө дарыланып жатат.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкө боюнча 177 миң 158 адам илдетке чалдыккан. Мунун ичинен 171 миң 428 бейтап сакайып чыгып, 2 миң 572 адам каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM