Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Азиз Аалиев биргелешкен аракеттер аркылуу кыргыз-европа мамилелери саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда өнүгөөрүн белгиледи.
Терхи Хакала маалымдагандай, Европа биримдигинин өлкөлөрү Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар.
Азиз Аалиев белгилегендей, кыргыз тарап жакын арада кол коюлчу Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимге өзгөчө маани берет.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өз ара аракеттешүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашылды.