Биз менен байланышыңыз

Элчилик Орусиядагы мекендештерди 30-сентябрга чейин каттоодон өтүүгө чакырды

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 429 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигрант мекендештерди 30-сентябрга чейин Орусия аймагында жүргөнүн мыйзамдаштырып, бардык зарыл болгон жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткарууну суранды.

Маалым болгондой, Орусия президенти 15-июнда кол койгон жарлыкка ылайык, мигранттардын документтерин иреттеп алуусу үчүн 30-сентябрга чейин убакыт берилген. Андыктан 30-сентябрдан кийин Орусия ИИМи бул багыттагы арыздарды кабыл алууну токтотот.

Элчилик мекендештерди миграциялык каттоого турууга жана иш берүүчү тарап менен расмий эмгек келишимин түзүүгө үндөп, эгер андай болбогон учурда административдик айып салынарын эскертет.

Мындан тышкары администрациялык укук бузган мекендештерди талап кылынган айыпты төлөөгө, ал эми эң көп укук бузган жана окуудан чыгарылган Кыргызстандын жарандарын 30-сентярга чейин Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Орусияда убактылуу (РВП) же туруктуу (ВНЖ) жашап турууга уруксаты бар, бирок 2020-жылдын 15-мартына чейин бул өлкөдөн чыгып кеткен мекендештер 30-сентябрга чейин келип, мурдагы каттоосун андан ары узартып алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM