Биз менен байланышыңыз

Шайлоо учурунда ЖМКларга мониторинг жүргүзүлөт

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 414 | 0

Бүгүн, 9-сентябрда Нарын шаарында өтүп жаткан «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафорумунда «Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фондунун өкүлү Асел Сооронбаева «Шайлоону чагылдыруу маселелери» темасында баяндама жасады.

Анда ал аталган фонд шайлоо учурунда бардык ЖМКларга мониторинг жүргүзүп турганын айтып берди. Мындагы максат: ЖМКлардын шайлоонун жүрүшүн кандай чагылдырганына саресеп салуу, өнөктүк маалында ЖМКлар туш болгон көйгөйлөрдү аныктоо жана шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү.

«Биз шайлоо учурунда 11 электрондук басылмага, 7 интернет басылмага, 34 гезитке байкоо салабыз. Анын жыйынтыгында ЖМКлардын маалыматтык эркиндиги, калыс чагылдыруусу жана маалыматтык-аналитика менен үгүт материалдарынын ички катышы да текшерилет», — деди Сооронбаева.

Медиа адис мониторингдин жыйынтыгында журналисттин кесибине мамилеси, тагыраагы, кесиптик этика, мыйзамды билүү деңгээли, аны сактоо же бузуу жагдайлары аныкталат. Анын негизинде сунуш кат даярдалып, ошол ЖМКнын жетекчилигине жөнөтүлөт.

«Биз алардын кетирген кемчиликтерин, туура эмес маалымат бергенин факты менен далилдеген корутунду даярдап, ЖМКнын жетекчилигине жөнөтөбүз. Кээ бири каталарды кайталабаганга аракет кылышса, кээ бир медиа өкүлдөрү көңүл бурбай коюшат», — деди Сооронбаева.

Эске салсак, бүгүн, 9-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II медиафорумунун 2-күнү жыйынтыкталды. Иш-чаранын алкагында социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу сыяктуу бир катар актуалдуу темалар талкууланып, баяндамалар жасалды.

Баяндамалардын электрондук варианты толугу менен journalist.kg сайтына жайгаштырылат, ал эми видеоверсиясын «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбук баракчасынан көрүүгө болот.

«Марал» радиосу — форумдун медиаөнөктөшү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM