Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Комуз күнүнө карата майрамдык салтанат болот

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 295 | 0

Бүгүн, 9-сентябрда Комуз күнүнө карата «Таңшы комуз» аттуу майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Салтанат А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанында, Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында болот. Ага элге таанымал, атактуу комузчулар жана М. Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын, «Акак» комузчулар ансамблинин жана П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин таланттуу улан-кыздары катышат.

Саат 18:00дө баштала турган майрамдык кече КТРКнын «Маданият. Тарых. Тил» каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Айта кетсек, ошол кездеги өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 26-июлунда кол койгон «Комуз күнүн белгилөө жөнүндө» жарлыкка ылайык, 9-сентябрь — Комуз күнү катары майрамдалып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM