Биз менен байланышыңыз

«Ийгиликке кадам» II медиафорумунун 2-күнү башталды

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 443 | 1

Бүгүн, 9-сентябрда Нарын шаарында өтүп жаткан «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафорумунун 2-күнү башталды.

Анда 70ке жакын журналист жана медиа өкүлүнө «Шайлоону чагылдыруу маселелери» темасында VIII сессия өтөт. Бул сессия акыркы болуп эсептелинет жана ушуну менен 2-күндүн медиафоруму жыйынтыкталат.

Ал эми кечээ, 8-сентябрда медиафорумунун алкагында жалпысынан 7 сессия болуп өттү. Анда төмөнкү темалар көтөрүлгөң:

1. «Социалдык тармактар жана медиа»;

2. «Чакан ЖМК – аймактык медианын келечеги»;

3. «Медиадагы кастык тил маселеси, аны менен күрөшүүнүн жолдору»;

4. «Гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу»;

5. «ЖМК жана журналисттердин ишмердигиндеги юридикалык коопсуздук»;

6. «Медиа жана санариптик коопсуздук»;

7. «COVID-19 пандемиясы учурунда медианын каражат булактары жана каржылоо моделдери»;

Баяндамалардын электрондук варианты толугу менен journalist.kg сайтына жайгаштырылат, ал эми видеоверсиясын «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбук баракчасынан көрүүгө болот.

«Марал» радиосу — форумдун медиаөнөктөшү.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: «Ийгиликке кадам» II медиафорумунун 2-күнү башталды – Ийгиликке кадам

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM