Биз менен байланышыңыз

Юрист: Журналисттер маалыматты кылдат текшериши керек

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 469 | 1

Бүгүн, 8-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафоруму өтүп жатат.

Форумдун V сессиясында юрист Нурбек Сыдыков «ЖМКлардын жана журналисттердин ишиндеги юридикалык коопсуздук» темасында баяндама жасады.

Анда ал журналисттердин укуктары, купуя сырларды сактоо, маалыматтык тактык жана коопсуздук маселелери боюнча баяндап, маалыматты коомго туура жеткирүү ыкмаларын айтып берди.

«Негизи биздин өлкөдө цензурага жол берилбейт. Журналисттер эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашыра алат. Ал эми маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголушу керек. Мындан тышкары Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу кепилденет», — деди Сыдыков.

Баяндаманын электрондук варианты толугу менен journalist.kg сайтына жайгаштырылат, ал эми видеоверсиясын «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбук баракчасынан көрүүгө болот.

Эске салсак, бүгүн, 8-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II медиафоруму өтүп жатат. Анда социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу сыяктуу бир катар актуалдуу темалар талкууланып, баяндамалар жасалууда.

Белгилей кетсек, медиафорум эртең, 9-сентябрда да уланат.

«Марал» радиосу — форумдун медиаөнөктөшү.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Юрист: Журналисттер маалыматты кылдат текшериши керек – Ийгиликке кадам

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM