Биз менен байланышыңыз

Шайлдабекова: Парламенттик шайлоого 602 млн сом жумшалат

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 699 | 0

Быйыл парламенттик шайлоону өткөрүүгө саптала турган сумма болжолдуу 602 млн сомго жакын деп белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйында кабарлады.

Анын айтымында, шайлоого бюджеттен бөлүнгөн акча дайыма эле оптималдуу жумшалат. Шайлоого жакын бул сумма дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Депутаттардын саны 90дон туруп, алар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.

Шайлдабекованын айтымында, 18-декабрга чейин шайлоонун жыйынтыгы аныкталат.

Copyright © 2017 Maral FM