Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ысык-Көлдө музейчилердин форуму башталат

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 251 | 0

Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көл облусунда «Туруктуу музей: Аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү» аттуу I Улуттук музей форуму башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

8-сентябрдан 11-сентябрга чейин боло турган форумдун расмий ачылышы Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда өтөт. Андан соң 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш — Үркүн темасы боюнча топтолгон Борбордук Азия университетинин маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн «Эсте калган элестер» интерактивдүү көргөзмөсү болот. Иш-чаранын кийинки бөлүктөрү Каракол шаарында уланат.

Музейлердин ролун күчөтүү, андагы кайталангыс баалуу топтомолорду бекем сактоого үндөө максатын көздөгөн I Улуттук музей форумуна өлкөнүн бардык аймагындагы музей адистери катышат.

Белгилей кетсек, учурда жалпы өлкө боюнча 58 мамлекеттик, ошондой эле мекемелерге таандык 100дөн ашуун музей бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM